“StudEXPO-2025” Computer Science and Design

аттуу студенттик көргөзмөсү

29-апрель 2025-жыл

Программалоо жана мобилдик, веб тиркемелер

Узахбаев Имангали ХангелдиұлыЛ.Н. Гумилев атындағы Еуразия
улуттук университеті
Дарбанов Бекбо ОоматбековичЭл аралык заманбап университети
Жалбасов Абдирахим ШиндаулетовичЛ.Н. Гумилев атындағы Еуразия
улуттук университеті

Робототехника жана автоматташтыруу

Урмонжонов Азизбек Мухаммаджон ЎғлиНаманганский государственный
педагогический институт
Абдыманапова БүбүайшаОш Мамлекеттик университети
Назирова Карина, Абдирашитов ШумкарбекБаткен мамлекеттик университети

3D моделдештирүү жана Motion Animation

Калышев Нурбек КалыбековичОш Мамлекеттик университети
Тайиров Максутбек ТурсуналиевичОш Мамлекеттик университети
Juraboev AlokhujaNamangan Davlat Texnika Universiteti

Иллюстрация жана графикалык дизайн

Абдыкадыров Сыймык ДаниярбековичОш Мамлекеттик университети
Абдуллаева ЗульфияОш Мамлекеттик университети
Кеңешбек уулу БаястанОш Мамлекеттик университети
01

Программалоо жана мобилдик, веб тиркемелер.

Бул секцияга катышуучу студенттер үчүн талаптар: каалаган программалоо тилдеринин жардамында конкреттүү бир маселени (көйгөйдү) чече ала турган программа же тиркеме (мобилдик тиркеме же веб-тиркеме) жасалып чыгышы керек. Иштелген программанын же тиркеменин интерфейси, дизайны дагы маанилүү. Программа же тиркеме боюнча толук баяндамасы катталуу арызында көрсөтүлүүсү зарыл.

02

Робототехника жана автоматташтыруу.

Бул секцияга катышуучу студенттер үчүн талаптар: жасалган робот же макет өз алдынча же көрсөтмөнүн негизинде иш-аракет жасашы керек. Робот же макет жөнүндө толук баяндамасы катталуу арызында көрсөтүлүүсү зарыл.

03

3D моделдештирүү жана Motion Animation.

Бул секцияга катышуучу студенттер үчүн талаптар: жасалган анимация же 3D объект, видео файл жана проекттин файлы түрүндө берилиши керек. Жасалган проект жөнүндө толук баяндамасы катталуу арызында көрсөтүлүүсү зарыл.

04

Иллюстрация жана графикалык дизайн.

Бул секцияга катышуучу студенттер үчүн талаптар: жасалган дизайндын .jpg форматтары файлы жана проекттин файлы чогуу берилиши керек. Жасалган дизайн жөнүндө толук баяндамасы катталуу арызында көрсөтүлүүсү зарыл.

Ярмарканын максаттары жана милдеттери

ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту тарабынан жыл сайын өтүп келе жаткан IT багытында уюштурулуучу иш чараны жүзөгө ашыруу; студенттердин эмгектерин коомчулукка алып чыгуу жана жайылтуу; студенттик демилгелерди колдоо үчүн коомдук жана мамлекеттик ресурстарды топтогон аянтчаны уюштуруу; студенттердин билиминин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу; студенттердин келечектин чакырыктарына багыт алуусуна, өзгөрүүлөргө ийкем мамиле жасоого үндөө; студент жаштардын, студенттик уюмдардын өзүн-өзү уюштуруу жана башкаруусуна көмөктөшүү, коомчулуктагы беделин жогорулатуу; эл аралык мамилелерди түзүү жана бекемдөө; абитуриенттерге ОшМУ жөнүндө маалымат берүү, анын ичинде МФТИТ институтунун адистиктеринин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты кеңири жайылтуу.

Уюштуруу тобу:

Төрага - тех.и.к., доцент

Жолдошов Толкунбек Мамытович

КМИГД кафедрасынын башчысы

тех.и.к., доцент

Кудуев Алтынбек Жалилович

АССТ кафедрасынын башчысы

ф.-м.и.к., доцент

Токторбаев Айбек Мамадалиевич

ИСП кафедрасынын башчысы

ф.-м.и.к., доцент

Эркебаев Улук Зайирбекович

КИИК кафедрасынын башчысы